Эки адам каза болуп, 3 жашар бала оор абалда. Токмоктогу кырсыктын чоо-жайы

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүНейро-хирургическая служба ГКБ №40
Нейро-хирургическая служба ГКБ №40 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан 26 жаштагы айдоочу менен 18 жаштагы жүргүнчү бала көз жумду

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Токмок шаарынын жанында болгон жол кырсыгынан эки адам көз жумгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына КРдин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Авто кырсык саат 13.00дөр чамасында катталган.

Чүй ОИИБинин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Honda Odyssey унаасынын айдоочусу Бишкек — Токмок жолунун 43-чакырымында рулду башкара албай аласалып кеткен.

Натыйжада 26 жаштагы айдоочу менен 18 жаштагы жүрүгүнчү бала көз жумуп, беш адам жабыркады.

Алар:

Үч жашар наристе башынан жаракат алып, оор абалда райондук ооруканага жеткирилди;

  • 23 жаштагы жүргүнчүнүн ички органдары жана башы жабыркады;
  • 18 жаштагы баланын сол ийини тытылган;
  • 26 жаштагы жигит төшүнөн жаракат алды;
  • 27 жаштагы кыздын мээси чайкалып, төшү менен бети жабыркаган.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдирсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0