БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Өзгөн районунда катталган жол кырсыктан бир киши каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан билдиришти.
Кырсык 2-июлда болжол менен саат 23.30дар чамасында болуп, Daewoo Nexia менен Mercedes-Benz Sprinter кагышкан.
"Автоунаалар бетме-бет кагышып, Daewoo Nexia автоунаасынын 29 жаштагы айдоочусу алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болгон. Дагы эки киши жаракат алган", — деп милициядан билдиришти.
Аталган факты боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.