Кечээ өлкө аймагы боюнча эки бала, эки киши сууга чөгүп кетти

CC BY 2.0 / red hand records / Lifebuoy on Fajara cliff topСпасательный круг на берегу озера
Спасательный круг на берегу озера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сууга чөккөндөрдү куткаруу жана издөө иштерине баш-аягы болуп 21 куткаруучу тартылган

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кечээ Кыргызстанда төрт адам сууга чөгүп каза тапты, алардын экөө балдар деп билдиришти ӨКМдин маалымат кызматынан.

У водопада Кивач - Sputnik Кыргызстан
Таласта эки журналист Беш-Таш суусуна агып каза болду
Ысык-Ата районунун аймагындагы Чоң Чүй каналына 15 жаштагы, Ноокен районундагы Шамалды-Сай каналына сегиз жаштагы бала чөгүп кетип, алар кечээ табылган эмес. Министрликтен куткаруучулар бүгүн издөө иштерин уланта тургандыгын кошумчалады.

Ал эми 40-45 жаштагы эркек киши Аламүдүн районунун Ленин айылындагы көлмөгө, Москва районунун Беш-Өрүк айылынын 32 жаштагы жашоочусу айылдагы сууга түшүп кетип каза тапкан. Суучулдар алардын сөөгүн издеп таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0