Чолпон-Атага жакын жерде эки унаа кагышты. Күбөнүн видеосу

© Фото / пресс-службы УМВД по Псковской областиЧетыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения
Четыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
BMW унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыга калып, бет маңдай келе жаткан унаа менен кагышкан.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылынан эки унаа бетме-бет сүзүшкөндүгү тууралуу журналист Азият Жекшеев социалдык тармактарда күбөнүн маалыматына таянып билдирди.

Жол кырсыгы 1-июл күнү болгон. BMW унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыга калып, бет маңдай келе жаткан унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен, өзү оор  жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан учурда жол кырсыгы боюнча маалымат текшерилип жаткандыгын кошумчалашты.

Өткөн айда адам өмүр жалмаган жол кырсыктар туурасында Sputnik Кыргызстан даярдаган материалды бул жерден окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0