Аэропортто чет элдиктерди опузалаган милиционерлер кызматынан кетип, наамы төмөндөдү

Жазылуу
Милиция кызматкерлери чет өлкөлүк спортчулардан "Манас" аба майданында туура эмес жерге тамеки чеккени үчүн акча талап кылган

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкекте өтө турган снукер боюнча Азия чемпионатына келе жаткан чет элдиктерден акча талап кылган деп Аба транспорту боюнча ички иштер бөлүмүнүн эки милиционери кызматынан бошотулду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кайгуул милиция кызмтакери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Өлтүрүп салам!" деген милиция кызматкери жумуштан айдалды
Бирдирүүгө ылайык, соцтармактарда жана ЖМКларда "Уяты жок погончондордун акча опузалоосу" деген аталыш менен видео тараган. Анда "Манас" аба майданына келип түшкөн чет өлкөлүк спортчуларга милиция кызматкерлери туура эмес жерге тамеки чеккени үчүн айып пул салынганын айтып, алардан акча талап кылган.

Бул боюнча өздүк коопсуздук кызматы териштирүү жүргүзгөн. Анын натыйжасында эки милиционер кызматынан кетип, наамы төмөндөтүлгөн. Ал эми ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси сөгүш алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0