Бишкектен Москвага билети жок бараткан өзбек жараны поездден кармалды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПоезд. Архив
Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин мыйзам бузган адам КР УКМКсынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кечээ, 28-июнь күнү, "Кайыңды" өткөрүү пунктунун кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Өзбекстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.

"Бишкек — Москва" маршруту менен бара жаткан поездди текшерүү маалында 32 жаштагы өзбек жаранынын паспортунда КРге кирүүгө уруксат берген мөөрдүн жоктугу билинген. Ошондой эле анын аталган каттамга билети болбогону дагы белгилүү болду.

"Кармалган адамдын өзүнүн айтымында, сотто иши каралып жана Өзбекстандын аймагынан чыгууга укугу жок болгондуктан, ал өткөрүү пунктун айланып өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган экен", — деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин мыйзам бузган адам КР УКМКсынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0