"Манас" аэропортунан өтүп бараткан кишиден 12 кг алтын чыкты

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүОАО «Красноярский завод цветных металлов имени В.Н.Гулидова»
ОАО «Красноярский завод цветных металлов имени В.Н.Гулидова» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүктүн ичинен табылган алтынды 27 миллион сомго баалашкан

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет контрабанда менен ташылып бараткан ири көлөмдөгү алтынды ээси менен кошо кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалган жүктүн наркы 27 миллион сомго чукулдап барат.

Кабарда "Манас" аба майданында 22-июнда Кыргызстан жараны салмагы 12 килограмм 368 грамм болгон 585 үлгүсүндөгү алтын жана кымбат баалуу таштарды алып өтүп баратканда кылтакка илингени айтылат.

"Эгерде бул баалуу жүктү бажы аркылуу алып өткөнүн эсептегенде 5 миллион 200 миң сомду түзөт эле", — деп жазылган маалыматта.

Аталган факты боюнча УКМК ишке катышы бар дегендерге кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0