Сокулукта айдоочу жол четиндеги эки унааны сүзүп, бир адам ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКонцерн General Motors снимает с российского рынка бренд Opel и массовые модели Chevrolet
Концерн General Motors снимает с российского рынка бренд Opel и массовые модели Chevrolet - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаанын 63 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Сокулук районун Беловодское айылында жол кырсыгы болуп 61 жаштагы аял ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, окуя 27-июнь күнү 17.30дар чамасында болгон. Анда Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаанын 63 жаштагы айдоочусу жол жээгинде токтоп турган эки унааны сүзгөн.

"Айдоочусу рулду башкара албай, алгач Audi A6 унаасын капталынан, андан кийин Toyota Corolla автомашинасын артынан сүзгөн. Жыйынтыгында 61 жаштагы аял ооруканага жаткырылып, айдоочу кармалды", — дешти маалымат кызматынан.

Учурда үч унаа тең айып короого токтотулуп, тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0