Финполдун кызматкерин таш менен башка койгон айдоочу кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на человека
Случаи нападения на человека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Финансы полициясынын кызматкерине кол салуу болгондугун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ күнү Финансы полициясынын Аламүдүн жана Ысык-Ата району боюнча нөөмөтчүсү Казакстан тараптан келген жүк ташуучу Volvo унаасын тараза көзөмөлүнөн өткөрүү үчүн токтоткон.

"Айдоочу кызматкерге баш ийбей, унаасын айдап жөнөгөн. Анын токтотууга аракет кылган кызматкерди таш менен башка уруп, каршылык көрсөткөн", — деп жазылат маалыматта.

ИИМдин нөөмөттө турган кызматкерлери жардамга келип, айдоочуну кармашкан. Учурда Финансы полициясынын кызматкери медициналык экспертизадан өтүп жатат. Ал эми айдоочу кармалып, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0