Баткен: шахтада тосмо орнотуп жатып 30 жаштагы куткаруучу каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүШахтеры. Архивное фото
Шахтеры. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кечээ Самаркандек айыл аймагындагы "Эркин кен" шахтасына ӨКМ куткаруучулары тосмо орнотууга келген учурда болгон.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Баткенде шахтада тосмо орнотуп жаткан ӨКМдин 30 жаштагы куткаруучусу газга ууланып каза болуп калды. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте шамалдын айынан 52 дарак кулап, 8 адам жабыркады
Каза тапкан куткаруучу Баткен облустук оорукананын өлүкканасына жеткирилген.

Кырсык кечээ Самаркандек айыл аймагындагы "Эркин кен" шахтасына ӨКМ куткаруучулары тосмо орнотууга келген учурда болгон. Дагы бир куткаруучу облустук ооруканага жаткырылган.

ӨКМден буга чейин 2017-жылдын 5-июнунда ушул эле шахтада өрт чыгып, куткаруучулар өрттү өчүрүп, тосмо орнотуп беришкендигин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0