Бишкекте кичинекей кызды унаа койдуруп кетти. Айдоочу кармалды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВручение автомобилей "Скорой медицинской помощи" учреждениям здравоохранения Республики Татарстан
Вручение автомобилей Скорой медицинской помощи учреждениям здравоохранения Республики Татарстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы жекшемби күнү Гагарин менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкекте 6-7 жаштагы жеткинчекти унаа койдуруп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, кырсык 25-июнда, саат 17.00дөр чамасында Гагарин менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Окуя болгон жерде Тез жардам кызматы менен милиционерлер иш алып барып жаткан. Айдоочу качып кеткен эмес", — деди күбө.

Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгы аталган факты катталганын ырастады. Маалыматка караганда, жабыркаган кыз 2010-жылы туулган. Ал түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу суракка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0