Ошто эки мектеп бүтүрүүчүсү ижарага алган унаа менен оодарылып кетти

© AFPMercedes-Benz автоунаасы. Архив
Mercedes-Benz автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ош шаарында эки өспүрүм ижарага алган жеңил автоунаа менен жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына Ош облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 24-июнда эки мектеп бүтүрүүчүсү аттестат берүү аземинен кийин Mercedes Benz үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, Кара-Сууга жөнөшкөн.

"Окуучулар шаар сыртына чыкканда, 17 жаштагы айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп, оодарылып кеткен", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Өспүрүмдөр ооруканага жеткирилген. Алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатса, экинчиси амбулатордук жардам алууда.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0