Бишкекте милициядан качкан унаа түркүктү сүзүп токтоду. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу Гоголь жана Москва көчөлөрүнөн оң жакка бурулуп жатып кырсыкка кабылган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициясынан качып бараткан унаа жол кырсыгына кабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 25-июнда болжол менен таңкы саат 05.00дө Mazda-6 унаасы Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактын кызыл күйгөнүнө карабай өтүп кеткен. Милиция аны тоскондо токтобой кетип калган. Мындан улам Кайгуул милициясы эреже бузган айдоочунун артынан түшкөн.

Видеодон айдоочу милициядан качып келе жатып жол кырсыгына кабылганын көрүүгө болот.

"Эреже бузган айдоочу качууга аракет кылды. Бирок Гоголь жана Москва көчөлөрүнөн оң жакка бурулам деп түркүктү сүзүп, жолдун четине чыгып кетти. Ошол жерден аны кармашты", — деди күбө.

Ал ошондой эле айдоочу 30 жаш чамасындагы эркек киши экенин жана ал мас абалда болгонун белгиледи.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы аталган факт такталып жатканын маалымдады.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номерине билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0