ӨКМ: катуу шамалдан шиферлер учту

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкектеги катуу шамал
Бишкектеги катуу шамал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу шамал жүрүп, ылдамдыгы секундасына 21 метрге жеткен.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы катуу шамал бир канча объектилердин шиферлерин учуруп кеткенин ӨКМ билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 23-июнь күнү катуу шамал жүрүп, ылдамдыгы секундасына 21 метрге жеткен.

"Беловодское айылындагы №107 үйдүн 25, №156 үйдүн 60 шиферин, №146 үйдүн 40 чарчы метр тыныкесин, ал эми Сокулук районундагы "Арал" мектебинин 230 чарчы метр  черепицасын учуруп кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, катуу шамалдан улам дарактар унааларды басып калып, сегиз адам ооруканага жактырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0