Аламүдүндө унаа даракты сүзүп, жүргүнчү аял каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алган айдоочу облустук ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Volkswagen Golf унаасы даракты сүзүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Калинин көчөсүндө катталган.

"Унаанын ичинде эки адам болгон. Айдоочусу башынан жаракат алса, жүргүнчү аял каза болгон", — деп жазылат маалыматта.

Жабыркаган айдоочу облустук ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0