Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө эки унаа кагышкан жол кырсыгы катталды

© Фото / пресс-службы УМВД по Псковской областиЖолдогу автоунаанын сыныктары. Архив
Жолдогу автоунаанын сыныктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында жол кырсыгы кечки саат 18.20дер чамасында Линейний көчөсүндөгү көпүрөнүн астында катталган

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Борбор калаанын Абдырахманов көчөсүндө эки унаанын кагышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине  WhatsApp номери аркылуу жиберишти.

Күбөнүн айтымына караганда, жол кырсыгы бүгүн кечки саат 18.20да Линейний көчөсүндөгү көпүрөнүн астында катталган. Болжолду маалыматтар боюнча жеңил унаа карама-каршы тилкеге чыгып кетип ары жакта келе жаткан машина менен кагышкан.

Кайгуул милиция башкармалыгынан толугураак маалыматты кийинчерээк беришээрин билдиришти.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номерине билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0