Пара алам деген салыкчынын тарыхы. Кармалган учурдан тартылган видео

© AP Photo / Moises CastilloКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик салыкчы 1,5 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул туурасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер Бишкек шаарынын Свердлов райондук Салык башкармалыгын башкы инспектору 2000 доллар талап кылып жаткандыгын билдирип кайрылган. Анда салыкчы пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгын оңунан чечип берүү үчүн тигүүчү цехтин ээсинен акча талап кылган.

Видеодо телефон сүйлөшүүлөрү даана угулбайт, андан соң салыкчы автоунаа ичинде папкасын кармалап отурат. Аял кишинин сүйлөгөнү даана угулуп турат. Ал акчаны алгандан кийин автоунаадан түшүп кетип бара жатып, "таарыныч жокпу, чын дилиңден берип жатасыңбы?" деп сураган.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча өндүрүп келген эсеп палатасынын кызматкерлери колго түшүрүлдү
Машинадан жаңы эле түшүп, акчасын кагаз папкага салып, тротуарда кетип бара жаткан салыкчыны капыстан пайда болгон финансы полициясынын кызматкерлери дароо кармайт. Кармагандар анын жанынын күн мурдатан белги коюлган акчаларды алып чыгып, анын санап, каттап жаткандыгын көрүүгө болот.

Финансы полициясынын кызматынан сөз болгон тигүү ишканасынын айланган жылдык акчасы анча чоң сумма болбогондугун кошумча кабарлады.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0