Кызыл-Кыя шаарында 61 жаштагы аял ажатканага түшүп каза болду

Жазылуу
Улгайган аял өз короосундагы ажатканага түшүп кеткен

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 61 жаштагы аял ажатканага түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө улгайган аял өзүнүн короосундагы ажатканага түшүп кеткендиги айтылат.

Куткаруучулар окуя болгон жерден маркумдун сөөгүн алып чыгышып, милиция кызматкерлерине тапшырып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0