Лейлектин Кара-Мойнок жайлоосунда өспүрүм бала сууга чөгүп каза болду

© AFP 2023 / MARWAN NAAMANI Сууга түшүп калган бут кийим. Архив
Сууга түшүп калган бут кийим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сууга чөгүп кеткен 14 жаштагы баланын сөөгүн үч жарым сааттан кийин табышкан

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы Кара-Мойнок жайлоосунда 14 жаштагы бала суу сактоочу жайга чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМге 19-июнда саат 16.30дар чамасында өспүрүм бала сууга чөгүп кеткендиги туурасында билдирүү келип түшкөн. Издөө иштерине куткаруу отрядынын кызматкерлери тартылып үч жарым сааттан кийин баланын сөөгүн таап, милицияга өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0