Чаткал: сууга түшкөн унаадан чыга албай калган бир аялдын сөөгү жээктен табылды

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен унаа. Архив
Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктаган машинанын айдоочусу менен бир жүргүнчү унаадан чыгып аман калышкан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Чаткал районунда кечээ, 19-июнь күнү, саат 01:30 чамасында "Audi 100" үлгүсүндөгү унаа Терс дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа ичиндеги айдоочу менен бир жүргүнчү унаадан чыгууга үлгүрүп аман калышкан. Ал эми арткы отургучта отурган эки аял унаа менен кошо агып кеткен.

"Машинанын ичинде 41 жана 37 жаштагы эже-сиңди болгон. Куткаруучулар улуусунун сөөгүн Кара-Булак аймагынан табышты", — деп жазылат маалыматта.

Учурда экинчи келинди издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0