Ананьеводогу адам өмүрүн алган өрт өчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу жайдын жанынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу жайдын жанынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүүчүлөр жалынды май куюучу жайга жеткирбей өчүрүүгө үлгүрүштү.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу жайдын жанынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Түндө Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыгып толугу менен күйүп кетти
Эскерте кетсек, бүгүн кечиинде саат 17.10до газ баллондор жарылып, алдын ала маалымат боюнча андан 10 киши жабыркап, экөө каза болгон. Ошондой эле бир нече автоунаа күйүп кеткен. Ооруканага жеткирилгендердин абалы оор деп бааланууда.

Маалыматка ылайык, 18.37де өрт чектелип, 21.15те толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМ кырсык болгон жерде жакын май куюучу жай бар экенин, бирок өрт өчүрүүчүлөр жалынды ага жеткирбей өчүрүп калуугу үлгүргөнүн белгиледи.

Тилсиз жоо менен алышууга үч өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0