20:39 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү

Ош: июнь окуясына тиешеси бар деп издөөгө алынган "Казак" кармалды

© AFP / NOEL CELIS
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
661 0 0

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Мындан жети жыл мурун Ошто болуп өткөн июнь окуясына тиешеси бар деп издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалганын Ош ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, "Казак" деген каймана ысымга ээ шектүү буга чейин бир нече ирет сот жоопкерчилигине тартылган. Өзгөн районунун 36 жаштагы тургуну ушу тапта ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Иликтөө маалында анын акыркы күндөрү Россияда айрым топтор менен биргеликте кылмыш иштерине аралашып жүргөнү белгилүү болду", — дешти милициядан.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Тема боюнча

Июнь окуясы боюнча шектелип издөөдө жүргөн жарандар Россиядан кармалды
Белгилер:
Июнь окуясы, ШИИБ, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ