Казакстанда чагылган 12 жаштагы бала менен эки кишинин өмүрүн алды

© AFP / JOCHEN LÜBKEЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм менен кошо Тез жардам кызматынын айдоочусу жана жардам чакырган киши каза тапкан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Түндүк Казакстан облусунда чагылган түшүп, 12 жаштагы бала менен эки эркек киши каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен билдирди. 

Кырсык 16-июнь күнү Бидайк айылынын чет жакасында болгон. Балага чагылган мал кайтарып жүргөндө түшкөн.

Аны көргөн жергиликтүү тургун айылдын акимин, аймактык милиция кызматкерин жана Тез жардам чакырган.

"Кишилер бала кырсыктаган жерге жакын турушкан. Чагылган дагы бир ирет түшүп, Тез жардамдын айдоочусу менен жардам чакырган киши каза болду", — деп айтылат маалыматта.

Үч адамдын сөөгү медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0