Бишкекте 4 автоунаа кагышты. Ээлери бирин-бири кечирип тарап кетишти

© AFP / PHILIPP GUELLANDДорожный знак "Внимание" на автомобильной дороге
Дорожный знак Внимание на автомобильной дороге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Чүй проспектисинде ( Жаш Гвардия бульвары менен кесилишкен жерде) кинотеатрдын маңдайында болгон

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ишемби күнү эртең менен борбор калаада төрт автоунаа кагышкан жол кырсыгы болду. Бул туурасында күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

"Төрт автоунаа биринин артынан бири сүзүп калды. Окуя Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульвары менен кесилишкен жеринде болду. Сүзүшкөндөр — Toyota Ipsum, Honda Fit, Honda-CRV жана Mercedes Benz экен", — деп билдирди окуяга күбө болгон адам.

Шаардык милициядан жол кырсык болгондугун тастыктап, айдоочулар бири-бирине доосу жок экендигин айтып, тарап кетишкендигин билдиришти. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0