Түндө Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыгып толугу менен күйүп кетти

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге
Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 5-кабаттан 10-кабатка чейинки жашоочулар коопсуз жайга чыгарылган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Борбор калаада 17-июнга караган түнү болжол менен саат 1.15дерде Киев 114\2 көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын 7-кабатындагы үйдөн өрт чыкканын ӨКМден кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРБорбор калаада түнү Киев 114\2 көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын 7-кабатындагы үйдөн өрт чыкты
Пожар на седьмом этаже 11-этажного дома на улице Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада түнү Киев 114\2 көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын 7-кабатындагы үйдөн өрт чыкты

Окуя болгон жерге куткаруучулар, өрт өчүрүүчү үч унаа, милиция жана Тез жардам кызматы барган.

"Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 5-кабаттан 10-кабатка чейинки жашоочулар эвакуацияланды. Батирдин эшик-терезелери жана ичиндеги телефон, телевизор, диван, суу жылытуучу каражаты күйүп кеткен. Өрт 3.00дө толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жаткандыгын жана жабыркаган жарандардын жоктугун  айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0