Өзбек жаранына "жардам берген" чек арачылар эркинен ажыратылды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара кызматкерлери өзбек жаранына Түркияга учууга жардам беришкен, бирок андан аркысы пландагандай болбой калган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын үч жоокери мыйзамсыз миграция каналын уюштурганы үчүн турак колониясында үч жыл жаза өтөмөй болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат борбору билдирди.

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматкеринин кыжырына тийген 6 учур
Өкүмдү Бишкек шаардык сот чыгарган. 2016-жылдын 30-апрелинде Аскер прокуратурасы аталган чек арачыларга кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө былтыр Өзбекстандын жараны чек арачылардын жардамы менен жасалма паспорттун негизинде чек арадан өтүп, Кыргызстандан Стамбулга учуп кеткен.

Бирок Түркиядан жасалма документ ачыкка чыгып, өзбекстандык жаран кайра артка кайтарылган. Кыргызстанга келгенден кийин баягы эле чек арачылар көзөмөл пунктунан тыш өткөрүп жиберишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0