Жакын аймакта жүргөн милиция кафеге ууруга киргендерди ок чыгарып кармап калды

Жазылуу
Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. ИИМдин мамлекеттик күзөт кызматынын башкы башкармалык полкунун милиционери кафени карактоого аракет кылгандарды кармап калды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 15-июнь күнү болгон. Кезметте турган милиционер объектинин жанында жайгашкан кафеден ызы-чууну угуп, жакындап келгенде медициналык беткап кийген эки белгисиз адамды байкаган. Милиционердин үнүн уккандар дароо из суутууга аракет кылып, имараттын ичинде алардын бир шериги калып калганы айтылууда.

"Жашына албай калган киши темир арматура менен милиционерге кол салууга ниеттенет. Милициянын старшинасы Осмонов табелдик куралынан абага эскертүүчү ок чыгарган. Кармалган жарандын Нарындын 19 жаштагы тургуну экени аныкталды", — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-164-беренесинин (уурдоого аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жарандын шериктерине издөө жарыяланды. Тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0