Жалал-Абадда мылтык менен ойногон балдардын бири инисин атып өлтүрүп алды

Жазылуу
Окуя боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 243-беренеси (Ок атуучу куралды сактоодо шалаакылык кылуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 11 жаштагы баланы 13 жаштагы окуучу мылтык менен атып өлтүрүп алганын облустук ИИБдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Базар-Коргон районунун Акман айылындагы жайлоодо болгон. Анда таятасыныкына эс алып барган 11-13 жаштагы балдар үйдө илинип турган мылтыкты алып бири-бирине такап ойношкон.

Рейд у речек в Оше, где купаются дети - Sputnik Кыргызстан
Үйгө келсем кызым жок... Ошто бир апта ичинде 7 бала сууга агып кеткен
Жергиликтүү тургундардын айтымында ок жеген бала кансырап көз жумган. Анда мылтыктын машасы басылып кетип, балдардын бирөөсүнүн жамбашына тийген. Кырсык болгон жер эл жашаган аймактан алыс болгондуктан, жардам келгенче өспүрүм каза болуп калган.

Көз жумган 11 жаштагы бала Аламүдүн районунун тургуну болгону, эки бала эки бир туугандын балдары экени айтылууда. Учурда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайын иликтеп, Кылмыш жаза кодексинин 243-беренеси (Ок атуучу куралды сактоодо шалаакылык кылуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0