Кочкордо катуу бараткан BMW 5030 бурулуштан кырсыктап, айдоочу каза болду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСоревнования по дрифту в Великом Новгороде
Соревнования по дрифту в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку ылдамдыкта бара жаткан унаа жолдон чыгып, жолдон ыргып кеткен.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кочкордо жол кырсыгына кабылган айдоочу каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдирди.

Ага ылайык, кырсык 10-июнь күнү болгон.

"Алдын ала маалыматтар боюнча BMW 5030 унаасынын 55 жаштагы айдоочусу унаасын жогорку ылдамдык менен айдап бара жатып, бурулушка келгенде рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Айдоочу алган жараатынан улам көз жуумп, жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышкан.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0