Чүйдө 2000 доллар пара талап кылган салыкчы колго түшүрүлдү

Жазылуу
Салыкчыга карата Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (ийри көлөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Чүй облусунда 2000 доллар пара талап кылган салыкчы кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Суд над политиком Омурбеков Текебаевым - Sputnik Кыргызстан
УКМК Маммүлк фондусунун экс-төрагасы Абдылдаевге издөө жарыялады
Маалыматка ылайык, жеке ишкер укук коргоо органдарына ишти оңунан чечип берүү үчүн Жайыл райондук салык башкармалыгынын кызматкери 2000 АКШ долларын талап кылып жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Анын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (ийри көлөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Прокуратура менен Финполдун кызматкерлеринин 9-июнда өткөргөн ыкчам-тергөө иштеринин негизинде Кара-Балта шаарында 60 миң сом пара алгандан кийин Жайыл райондук Салык башкармалыгынын ага инспектору колго түшүрүлгөн.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0