УКМК улут аралык кастыкты козутту делген Facebook колдонуучуларын кармады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциальная сеть "Фейсбук"
Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Facebook социалдык тармагына улуттар аралык кастыкты козуткан билдирүү менен комментарий жазды делген кишилерди кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Facebook баракчасынын колдонуучулары "А.З.", "Ш.Б.", "Г.Э.", "Н.Ш.", "А.А.", "E.K." аттуу жарандар кармалып, түшүнүк кат жазып беришти. "Н.М." аттуу колдонуучу социалдык тармакка башка улуттун өкүлдөрүн уруп-сабоого чакырык таштаганы үчүн кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМК ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында социалдык тармакта коомдогу тынчтыкты бузуп, улуттар аралык касташууну козуткан жана Ноокен районунун Масы айылында жаштардын катышуусундагы инцидент боюнча провакациялык пикир жазган колдонуучуларды аныктаган.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0