Куткаруучулар тапкан сөөктөрдүн кимге тиешелүү экендигин билбей жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековДоставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве
Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз сөөктөр Озерное айылынан табылган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жоголгон адамды издөө учурунда ӨКМдин куткаруучулары Аламүдүн районунун аймагындагы көлдөрдүн биринен белгисиз сөөктөрдү тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Куткаруучулар мындан эки жыл мурда жоголуп кеткен 38 жаштагы кишини издеп жатканда сөөктөргө туш келген.

"Адамдыкы же малдыкы экени белгисиз сөөктөр милиция кызматкерлерине экспертиза үчүн өткөрүлүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Белгисиз сөөктөр Озерное айылынан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0