УКМК: теракт уюштурууга шектелген жаран кармалды

Жазылуу
Колго түшкөн жарандын жанында жардыруучу каражаттардын тетиктери, экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, бир нече граната жана ар кандай калибрдеги ок-дарылар табылган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда эл аралык террористик уюмдун мүчөсү деп шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Видео, снятое кыргызстанцем, предположительно, в Сирии. Фото со страницы Facebook пользователя Адиль Айтикеев - Sputnik Кыргызстан
Апа, мени кечириңиз! Сирияда жүрөт делген кыргызстандыктын видеосу
Билдирүүгө ылайык, 6-июнда аталган комитеттин контртеррористтик иш-чараларынын негизинде террордук акция жасоону көздөгөн М.А аттуу жаран кармалган. Шектүүнү колго түшүрүү маалында андан колго жасалган жардыруучу каражаттардын тетиктери, жардыруучу заттарды даярдоонун нускамалары, экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, аудио-видео материалдар, бир нече граната жана ар кандай калибрдеги ок-дарылар табылган.

Шектүү колго жасалган жардыруучу каражат даярдап, эл көп жерде өзүн-өзү жардырууну көздөп, эл аралык террористик уюмунун башчысынын буйругун күтүп жатканы аныкталган.

Аталган окуя боюнча УКМКнын тергөө органдары Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгү (Улуттук, расалык, диний жана аймак аралык келишпестикти козутуу), 28-226 (Терроризм жасоого аракет кылуу, кылмыш жасоого аракет кылуу) жана 241-беренелери (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү комитеттин тергөө жайына камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0