Сузакта мотоциклчен эки чет элдик турист селден улам камалып калган

© Фото / пресс-служба МЧС КРСход селя в селе Жылуу-Суу Алайского района
Сход селя в селе Жылуу-Суу Алайского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жарандарды куткаруу үчүн ӨКМдин куткаруу отрядынын кызматкерлери түн ичинде аталган дарекке чыгып кетишкен.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Сузак районунда катуу жаандан улам сел түшүп жолду бөгөп, мотоцикл менен бара жаткан эки чет элдик турист камалып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Аксы районунда 4-июнда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларынын деңгээли көтөрүлүп райондогу Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралды - Sputnik Кыргызстан
Аксы районуна өзгөчө кырдаал киргизилди
Билдирмеге ылайык, катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон шагыл, таш аралаш сел түшүп, Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 76-чакырымын бөгөп калган. Мындан улам Жалал-Абаддан Нарынды көздөй мотоцикл менен бара жаткан эки чет элдик турист өтө албай калышкан.

Чет элдик жарандарды куткаруу үчүн ӨКМдин куткаруу отрядынын кызматкерлери 7-июнга караган түнү саат 03:45те аталган дарекке чыгып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0