Кара-Кулжада инисин өлтүрдү деген шек менен агасы кармалды

Жазылуу
Шектүү жаран сөөктү жашыруу үчүн маркумдун башына желим баштык кийгизип, колу-бутун таңып, эшекке артып, айылдын четиндеги көрүстөндүн жанына көмүүгө аракет кылганын милициядан кошумчалашты.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында 42 жаштагы инисин өлтүрдү деген шек менен 47 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кара-Кулжа райондук милициясына Ылай-Талаа айылында белгисиз кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
Аялдын чачын кырып, бир жума бою зордуктады делген үч киши кармалды
"Териштирүү учурунда маркумдин аты-жөнү такталып, ал Кара-Кулжа районунун 42 жаштагы тургуну болуп чыккан. Изи сууй электе киши өлтүрүүгө шектүү делип маркумдун 47 жаштагы агасы кармалып, ал жасаган иштерин моюнга алган. Анын айтымында, алар иниси менен 5-июнда арак ичип отуруп, айтыша кетип, ал мушташка айланган. Агасы союлду алып, иниси эсин жоготуп жан бергенге чейин чапкылаган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү жаран сөөктү жашыруу үчүн маркумдун башына желим баштык кийгизип, колу-бутун таңып, эшекке артып, айылдын четиндеги көрүстөндүн жанына көмүүгө аракет кылганын милициядан кошумчалашты.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0