Төмөнкү Ала-Арчадан 10 жыл мурун жоголгон жигиттин сөөгү табылды

Жазылуу
Чүй облусунун тургуну чыр-чатактын айынан киши колдуу болуп, сөөгү аңга көмүлгөн.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Аламүдүн районунда 2007-жылдан бери дайынсыз жоголгон жаран киши колдуу болгонун милиция аныктады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милицияга 2007-жылы болуп өткөн окуя тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөнүн натыйжасында эки киши 20-25 жаштагы жаранды өлтүрүп, Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылы жакка көмүп койгону аныкталган.

Случаи нападения на людей - Sputnik Кыргызстан
Токмоктук милиционер аялды муунтуп кыйнаган деп шектелип жатат
Киши колдуу болгон адам Аламүдүн районунун 28 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал 2007-жылдан бери дайынсыз жоголгон жаран катары каттоодо турган.

Маркумдун өлүмүнө шектелип Кант шаарынын 26 жаштагы эки тургуну кармалган. Алардын бири бирөөнүн автоунаасын тартып алган деген айып менен 5 жылга соттолуп, №1 тергөө абагында кармалып турат.

5-июнда экинчи шектүү кармалган. Тергөө маалында ал 2007-жылы Төмөнкү Ала-Арча айылындагы батирлердин биринде маркум менен айтыша кетип, аны үбөлүк менен башка чаап, электр зымы менен муунтканы ачыкка чыкты.

Сөөгүн ажаткана үчүн казылган аңга таштап көмүп салышкан. Маркумдун сөөгү дал ушул аңдан табылган. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0