Жети-Өгүздө рулга ээ боло албай калган айдоочу жолдон чыгып каза болду

Жазылуу
Мерт кеткен жаран Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынын тургуну экени айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жети-Өгүз районунда 5-июнь күнү саат 07:30дар чамасында Балтабай менен Конкино айылдарынын ортосунда Volkswagen Golf III жеңил унаасынын 33 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бак сүзүп, ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта мерт кеткен жаран Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынын тургуну экени айтылат.

Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар автоунаанын ичинен кыпчылып калган айдоочунун сөөгүн чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0