Кара-Үңкүр дарыясына агып кеткен 4 жашар кыздын сөөгү табылды

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Базар-Коргон районунун тургуну 3-июндан бери изделип жаткан.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айылында сууга агып кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эске сала кетсек, 3-июнь күнү төрт жаштагы наристе Кара-Үңкүр дарыясына агып кеткендиги кабарланган. 

Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, 5-июнь күнү саат 19:00дө агып кеткен кыздын сөөгү табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0