Москвада сууга чөгүп кеткен кыргызстандыктын сөөгү табылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГорода России. Москва
Города России. Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштери төрт күн жүргөн.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Москвада 24-майда Москва дарыясына чөгүп кеткен Кыргызстандын жаранынын сөөгү 31-майда табылды. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы жаран Москва шаарынын Хорошево-Мневники аймагындагы сууга чөгүп кеткен.

"Кыргызстандын элчилиги Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрилигине расмий түрдө кайрылып, издөө иштери төрт күнгө уланган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда элчилик жарандын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн аракеттерин көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0