Түндө Чоң-Алайда кайрадан жер силкинди

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия землетрясения в Чон-Алайском районе
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер жер силкинүүнүн Ош облусунун Чоң-Алай району экендигин айтышты.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Түндө Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМ Сейсмология Институтуна таянып кабарлады.

"Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында экендиги кабарланды", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жар-Башы, Кулчу, Чак, Кара-Шыбак айылдарында 4,5 балл, Шибээ айылында 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Ачык-Суу айылдарында 3,5 балл сезилген.

Акыркы мезгилдери аталган аймакта жердин силкинүүсү улам катталып, бир катар айылдардын жашоочуларынын үйлөрү жараксыз абалга келген.

Чоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда камсыздандырылган турак жай ээлерине акча берилди
Жердин силкинүүсү бир катар жашоочулардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип, ооруканага жатууга аргасыз болушкан.

Эскерте кетсек, 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындай жер титирөө 5-майда болжол менен 11:15де болуп Ошто төрт, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен. Анын кесепетинен Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында 523 үй жарактан чыгып, 3000дей тургун чатырларга көчүрүлгөн. Кийинчерээк табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн өкмөт атайын эсеп ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0