ӨКМ: Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адам изделүүдө

Жазылуу
Издөө иштери бүгүн да улантылат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Аламүдүн айылындагы Суворов көчөсүнүн тушунан Чоң Чүй каналына түшүп кеткен киши изделип жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 31-май күнү болгон. Сууга түшүп кеткен киши 56 жашта экени айтылууда.

Издөө иштерине куткаруучулар чыгып, бирок алардын аракетинен эч майнап чыккан эмес. Адистер ишин бүгүн да улантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0