ЦУМдагы унаа токтотуучу жайдын тескөөчүсүн коркуткан айдоочу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников патрульной милиции в КР
Работа сотрудников патрульной милиции в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа ээси айып пул төлөгөндөн кийин бошотулду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бүгүн эртең менен Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын башкармалыгына ЦУМдун жанындагы унаа токтотуучу жайдын тескөөчүсүн коркуткан айдоочу жеткирилгендиги тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.

Кечээ ЦУМдун алдында жолду тосуп калган унаасын алып койгондун ордуна аталган жайдын тескөөчүсүн коркутуп кирген айдоочу тууралуу окуяга күбө болгон жаран билдирген. 

"Биз тартип бузган адамды таап, башкармалыкка алып келдик. Ал видеодо унаа токтотуучу жайдын тескөөчүсү болжолдоп жаткандай прокуратура кызматкери эмес экенин айтты. 33 жаштагы жаран жеке ишкерлик менен алектенет экен. Ал тескөөсүгө карата орой мамилесин мындай кадамга ЦУМ кызматкеринин сөзү түрткү болгону менен түшүндүрдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Айдоочунун үстүнөн арыз түшпөгөндүктөн, Кайгуул милициясы аны Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 235-беренесине ылайык (Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин эске албоо) гана жоопкерчиликке тарта алды. Айдоочу 1000 сом айып төлөгөндөн кийин бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0