БИШКЕК, 30-май — Sputnik. ИИМдин алдындагы кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды телефон алдамчыларынын кылтагына түшүп калбоого чакырды.
Телефон алдамчылары көбүнчө жардам сурашат, акча талап кылышат жана лотерея утуп алдыңыз деп алдашат. Эгер сизге чалып жаткан адам таанышыңыз же тууганыңыз экенинен күмөн санап жатсаңыз, анда өзүнүн чөнтөк телефонуна бир чалып көрүүгө аракет кылыңыз.
"Урматтуу жарандар! Эгер сиздерге белгисиз адамдар милиция кызматкеримин деп чалып тууганыңыз милицияга түшүп калды, аны чыгаруу үчүн акча алып келиңиз десе ишенбегиле, алар — каракчылар. Мындай учурда өзүңүздү жоготпой дароо 102 номуруна чалып же жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылыңыз", — деп жазылат ИИМдин маалыматында.
Министрлик кошумчалагандай, мындай каракчылардын туткунуна көпчүлүк учурда туугандарынан алыс жүргөн же күндүз үйдө жалгыз калган карыялар кабылат.