Казакстанда 6-класстагы бала карындашын куткарам деп өзү каза болду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСууга түшүп жаткан балдар. Архив
Сууга түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучу бала сууга кулап кеткен карындашын куткарып, өзү суудан чыга албай калган. Экспертиза көрсөткөндөй, баланын өпкөсүнө суу кирген эмес.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Казакстандын Павлодар облусунда 6-класстын окуучусу карындашын куткарам деп өзү каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Окуя Павлодар облусунун Ефремовка айылында болгон.

"21-май күнү кечинде Азамат үйгө келип карындашы Инабат менен көлдүн жээгине оюнчук кое беребиз деп кечки тамакты ичпей кеткен. Алар менен бирге коңшу үйдүн балдары да ойноп жүргөн. Суунун жээгиндеги цементтен Инабат тайгаланып кетип көлгө кулап түшүптүр, Азамат дароо артынан секирип карындашын суудан алып чыккан. Бирок өзү суудан чыга албай калыптыр", — деп баланын эжеси айтып берди.

Айылдагы мектеп жетекчисинин орун басары Гапу Сапаржандын айтымында, Азамат жүрөк оорусу менен ооруп жүргөн. Экспертиза көрсөткөндөй, баланын өпкөсүнө суу кирген эмес. Басылманын божомолунда, анын жүрөгү токтоп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0