Чоң-Алайда эки ирет жер силкинди

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия землетрясения в Чон-Алайском районе
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жердин түндөгү термелүүсү 5 баллга жетсе, таңга жуук 3 балл болгон.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер силкинди деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Биринчи ирет силкинүү 27-майда түнкү 01.09да болгон. Кыргызстандын Сейсмология институту анын эпицентринде беш баллга жакын болгонун кабарлады.

Ал эми жер титирөөнүн очогу Тажикстанда экендигин, ал Кыргызстандагы Кара-Тейит айылынан түндүк-батышты карай 23 чакырым, Карамык айылынан 27 чакырым болгону айтылды.

Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 165 миң евро бөлөт
Жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит, Карамыкта 4 балл, Шибээде 3,5 балл, Кулчу, Чак, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 балл болду деп аныкталды.

Эртең мененки саат 7.53тө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кайрадан кайталанган. Сейсмологдордун маалыматына караганда, анын күчү 3,5 баллга жетти. Бул сапар анын очогу Чоң-Алайдын Ачык-Суу районунан түштүк-чыгышты көздөй 22 чакырым аралыкта болгон. Ал эми аталган айылда силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен.

ӨКМ эки жер титирөөдөн зыян тарткандар жок экенин кошумчалады.

Буга чейин, 22-майда ушул эле райондо күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Андан мурда 3-майда да болуп, анда сейсмологдор 5,9 балл деп аныкташкан.

Учурда жер силкинүүдөн жабыр тарткандарга өкмөт материалдык жардам көрсөтүп, камсыздандырылгандар каражаттарын алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0