Баткенде 25 үйдү сел каптап, 4 унааны агызып кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия наводнения в селах Баткена
Последствия наводнения в селах Баткена - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендин Самаркандек жана Актатыр айылдарында сел жүргөн.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Баткен районунун Актатыр айыл аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, кечээ, 25-майда болжол менен саат 17.00дө Актатыр айылындагы 19 турак жайдын короосун сел каптап, үч үйдүн ичине суу кирген. Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 282-чакырымында бараткан үч жеңил унааны агызып кеткен.

© Фото / пресс-служба МЧС КРБаткен районунун Актатыр айыл аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптады
Баткен районунун Актатыр айыл аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткен районунун Актатыр айыл аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптады
© Фото / пресс-служба МЧС КРОш — Баткен — Исфана унаа жолунун 282-чакырымында бараткан үч жеңил унааны агызып кеткен.
Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 282-чакырымында бараткан үч жеңил унааны агызып кеткен. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 282-чакырымында бараткан үч жеңил унааны агызып кеткен.
1/2
Баткен районунун Актатыр айыл аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптады
2/2
Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 282-чакырымында бараткан үч жеңил унааны агызып кеткен.

Мындан сырткары, Самаркандек айылында дагы сел жүрүп, үч турак жайды каптаган. Ошондой эле курулуш материалдарын саткан бир дүкөндүн ичине да суу кирип, ичиндеги тактайларды жана бир жеңил унааны агызып кеткен.

Сел жүргөн айылдарда ӨКМ кызматкерлери иш алып барууда. Жабыркагандар катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0