Бишкекте жүк ташуучу унаа коюп кеткен киши набыт болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОтправка гуманитарного конвоя на Украину
Отправка гуманитарного конвоя на Украину - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 25-май күнү кечинде болгон.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Борбор калаада суу ташыган унаа бир адамды сүзүп, ал каза болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.

Мотоциклчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мотоциклчен адамдын аэропортко бараткан жолдо тоголонуп жаткан видеосу
Кырсык 25-май күнү болжол менен саат 19.15терде "Ала-Тоо" жаңы конушунда катталган.

Маалыматка ылайык, 50 жаштагы адам эки көчөнүн кесилишиндеги жолдон өтүп баратканда аны ГАЗ-53 унаасы коюп кеткен. Эркек киши ошол эле жерден каза тапткан.

36 жаштагы айдоочу милиция кызматкерлери келгиче эч жакка кеткен эмес, Текшерүү учурунда анын соо экени аныкталды. Учурда унаа айып короого токтотулуп, иштин материалдары тергөөгө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0