Мотоциклчен адамдын аэропортко бараткан жолдо тоголонуп жаткан видеосу

© AFP / BORIS HORVATМотоциклчан адам. Архив
Мотоциклчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгына кабылган киши оор абалда ооруканага алып келинген.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек — "Манас" аэропорту жолунун 28-чакырымында мотоцикл айдап бараткан адам рулду башкара албай жолго жыгылган. Күбө кырсыктын видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жиберди.

Жол кырсыгы болгонун Чүй облустук Кайгуул милициясы тастыктады.

Ага ылайык, кырсык кечээ саат 22:30дар чамасында болгон. Бир нече жеринен жаракат алып, айрым сөөктөрү сынып кеткен айдоочу оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинген.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу жөнөтүп кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0