Чүй менен Өзгөндө эки адам аты менен кошо дарыяга агып кетти

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын издөө иштеринен натыйжа чыга элек.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чүйдөгү Бурана суусу атчан аялды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй районундагы Туюк жер тилкесинде Бурана суусунан эки аял атчан өтүп баратып, бирөөсү аты менен кошо агып кеткен.

Ал эми 20-май күнү саат 17:00 чамасында Өзгөн районунун Адыр айылынын 67 жаштагы тургуну мал айдап бара жатып аты менен кошо Жазы дарыясына түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын издөө иштеринен азырынча натыйжа чыга элек. Издөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0