Тажик паспорту менен Сирияга бараткан кыргызстандык киши кармалды

© AP Photo / Dieu Nalio CheryЗадержание Клиффорда Брандта в Порт-о-Пренсе, Гаити
Задержание Клиффорда Брандта в Порт-о-Пренсе, Гаити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жаран түрк полициясы тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда Сириянын чек арасынан кармалган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Түркияда террордук иштерге тиешеси бар деп шектелип кыргызстандык жаран кармалганын Sputnik Тажикстан Ички иштер министрлигинин сайтына шилтеме берүү менен билдирди. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, кармалган жарындын жанында 28 жаштагы тажикстандык Хидоятулло Давлатовго таандык паспорт болгон. Мындан улам аны 12-май күнү тажик тарапка өткөрүп беришкен.

"Ал жаран түрк полициясы тарабынан атайын операция учурунда "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлерине кошулууга аракет жасаган деп Сириянын чек арасынан кармалды", — деп жазылат сайтта.

Тажикстандын ИИМинин маалыматына ылайык, иликтөөнүн жыйынтыгында кармалган адам Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган 23 жаштагы Кобилджон Хасанбой аттуу Кыргызстандын жараны экенин аныктаган.

"Хасанбой Тажикстан жаранынын паспортун мыйзамсыз түрдө алып, кылмыш кылуу максатында колдонуп жүргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0